УТРК НАРЫН:МАДАНИЯТТЫН МАЙТАРЫЛБАС ЭМГЕКЧИЛДЕРИ
Бүгүн, 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнү. Маданият-улуттун жүзү, элдин тарыхы жана руханий байлыгы. Аны сактап, өнүктүрүп, кийинки муунга жеткирүүдө ар бир маданият кызматкеринин эмгеги өзгөчө. Бирөө музейде тарыхты сактап, экинчиси театр сахнасында түркүн образдарды жаратып, дагы бири китеп аркылуу жаш муундун дүйнө таанымын кеңейтет. Ар биринин кесиби ар башка болгону менен, максаты бир, элдин руханий дүйнөсүн байытуу. Майрамга карата бул тармакта көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кесип ээлери бүгүн дагы иш үсүндө. Алар менен кесиптешип Жаркынай Күлташыр кызы баарлашып келди
Название:
УТРК НАРЫН:МАДАНИЯТТЫН МАЙТАРЫЛБАС ЭМГЕКЧИЛДЕРИ
Категория:
Разное